KELECHEK
rek

“Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү (ФОТО)

“Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү (ФОТО)

Ош шаарында 19-август күнү “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен, Туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, меймандары жана туристтер катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач түрдүү түстөргө боёлгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрүштү.

Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтоду. Аларды шаар мэри аксакалдар менен бирге кербен сарайдын кире беришинде тосуп алышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. -“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын, улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - деди А.Кадырбаев.

Иш-чара андан ары сейил бакта уланып, оштун ашпозчулары жасаган тамак-аштар, жер-жемиштер жана дүйүм-тамактар, чыгыштын түрдүү чайлары, “Ош базарындагы” кол-өнөрчүлөрдүн кол-өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүп, конокторго шаарыбыздын жана жергиликтүү элдин тарыхы, салт-санаасы жана тамак-аш жасоо ыкмалары тууралуу баяндалды. Ага улай “Этно-Ош” тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актерлору “Кыз узатуу” улуттук салтын, “Бабур” атындагы өзбек улуттук театры “ Жар- жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле, коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты жана “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду.

Айта кетсек, “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13