Орусия: аткаминерлерге WhatsApp, Viber, Skype колдонууга тыюу салынышы мүмкүн
Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги аткаминерлерге жана аскер кызматкерлерине чет өлкөлөрдүн мобилдик тиркемелерин колдонууга тыюу салууну сунуштоодо.
"Коммерсант" басылмасынын жазышынча, Google компаниясынын Gmail электрондук почтасы, WhatsApp, Viber, Skype жана Telegram кызматтарына чектөө киргизилиши мүмкүн.
Ал эми чектөөгө кириптер болгон 2,5 млн колдонуучу үчүн келечекте мамлекет өзү тиркеме чыгарары, аны ойлоп табуу mail.ru менен Интернетти өнүктүрүү институтуна сунушталганы айтылат. Демилге өлкө башчысы Владимир Путинге жөнөтүлгөн.
Мындан сырткары, Экономикалык өнүгүү министрлиги мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк компьютердик программаларды сатып алууга тыюу салууну сунуштамакчы.
Ошондой эле, орусиялык аналогу бар чет өлкөлүк эсептөө техникаларын жана телекоммуникациялык жабдыктарды да сатып алууга тыюу салууну көздөшүүдө. Эреже бузгандарды административдик жазага тартуу каралган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









