KELECHEK
rek

Тажикстан менен Иранды араздаштырган чуулгандуу тасма төрт тилге которулду

Тажикстан менен Иранды араздаштырган чуулгандуу тасма төрт тилге которулду

"Иран: 91-97-жылдардагы жарандык согушту колдоо" аттуу даректүү тасма башка тилдерге которулуп интернетке жайгаштырылды. Тажикстан ИИМи тарабынан даярдалган 45 мүнөттүк тасмада расмий Душанбе Тегеранды жарандык согуш маалындагы теракттарды каржылоого айыптаган. Фильм 8-августта “Точикистон” телеканалы аркылуу прайм-тайм маалында көрсөтүлгөн.

17-августтан тарта интернет колдонуучулар бул чуулгандуу тасманы тажикче гана эмес, орус, англис, араб жана өзбек тилдеринде дагы көрө башташты. "Иран: 91-97-жылдардагы жарандык согушту колдоо" фильми шаршемби күнү беш тилде Фейсбук, YouTube, Одноклассники жана өкмөттүк сайттарда пайда болду.

Тажикстан ИИМинен тасманы башка тилде ким которгонун билбей турганын маалымдашты.

Дипломатиялык жаңжалга жол ачкан тасмада 90-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаган, алар тажик коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын жеке тапшырмасы менен белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди өлтүргөн деген тыянак чыгарылган.

Ирандын Тажикстандагы элчилиги бул айыптоолорду четке кагып, атайын билдирүү тараткан. Анда даректүү тасма соттолгон кишилердин көрсөтмөлөрүнө жана көзү өтүп кеткен адамдардын билдирүүлөрүнө негизделип даярдалганы жана бул чындыкка коошпой турганы айтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29