Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багы ачылды (Фото баян)
Ош шаарында “Сүйүү” эс алуу багынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышып, эс алып кайтышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров көп жылдар бою кароосуз калган жай шаардын көйгөйлөрүнүн катарында болгондугун, бирок учурда кооз жайга айлангандыгын билдирип, эс алуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
“Элге кызмат кылып, шаардын көркүнө көрк кошуу аракетин көргөн патриот жигиттерибиздин бири дал ушул жайды гүлдөтүп, шаардыктар үчүн бир маанилүү эс алуу жайларына айландырам деген эле, бүгүн тилеги ишке ашып сүйүү багына айланып олтурат. Мындан көп жыл мурун башка жеке ишкерлер алып, бирок кароосуз калып кеткен. Биз алардын келишимин четке кагып, башка инвесторго 5 жылдык мөөнөт менен бердик. Учурда “Сүйүү” багы Ош шаарындагы эң көрүнүктүү эс алуучу жайларынын катарын толуктап жатат”, - деди З.Аскаров.
Ал эми эс алуу жайдын жетекчиси Ульфат Досбаева 2 жыл бою өз колу менен эс алуу жайды жашылдандырып, көрктөндүрүп, 15 миллион сомго жакын акча каражатын жумшагандыгын билдирди. Ошондой эле, жалпы адам баласы бактылуу болсун деп бактын айланасын сүйүү дизайнында жасалгалаган.
Алыскы Кара-Суу районунан келген Акмөөр Артыкова балдары жана бир туугандары менен сүйүү багынын ачылышына атайын келгендигин айтып, Ош шаары гүлдөп өнүгүп жаткандыгы кубандырып, жетекчилерге, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.
Ачылуу аземи эстара жылдыздарынын, фолькулордук топтордун концерттик программасы менен коштолуп
Белгилей кетсек, аталган жай мурун “Жаштык” деп аталчу, реконструкциядан соң, сүйүү багына айланды. Оргумалар (фонтан) калыбына келип, жаш көчөттөр отургузулуп, гүлдөр менен кооздолгон эс алуу жайы баардык шаардыктарды күтөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29