KELECHEK
rek

УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН БААРЛАШТЫ (ФОТО)

УЛУУ БРИТАНИЯНЫН ЭЛЧИСИ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН  ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН БААРЛАШТЫ (ФОТО)

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мартабалуу элчи менен шаардын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана анын биринчи орун басары Турдали Темирбаев баарлашып, алар шаар жана анын өндүрүштүк, маданий потенциалы, акыркы учурда жүргүзүлуп жаткан иштер, шаарды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы келечек пландар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Шаарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү долбоорлорунун кндайча ишке ашып жатканы тууралуу айтуу менен, С. Авазов шаарда коомдук туруктуулук бекем, калктын маанайы жакшы экенин белгиледи. Ошондой эле алдыда турган президенттик шайлоолорду таза жана мыйзамдуу өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттер болуп жатканын кошо маалымдады. 

Элчи Робин Орд-Смитти шаарды өнүктүрүүнүн келечек багыттары кызыктырып, кийинки кездерде Кыргызстанда аймактар да жакшы өнүгүп жатканы байкаларын, бул жакшы тенденция экенин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан, анын аймактары менен эки тараптуу кызматташуулардын кеңейиши жалпы өнүгүүгө көмөк боло турганын кошумчалады.

-Кыргызстанда таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон аракеттер байкалып жатат. Бул демократиянын чыңдалышына болгон багытты тастыктайт, - деди элчи.

Элчи Жалал-Абад шаарындагы жайгашкан “Жалал-Абад санаторийине” кызыгып, ал тууралуу да маалыматтарды алды. Ошондой эле, шаардын алдыда турган ири инвестициялык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна каалоо айтты.

Тараптардын өз ара баарлашуусу өз ара жагымдуу жана иштиктүү кырдаалда өттү.

      

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18