Токтогул суу сактагычы максималдуу чекке чейин толду
Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң жогорку чекке жетип, 19,5 миллиард куб метрди түздү. Акыркы жолу суу сактагычтагы суу мындай деңгээлге 2010-2011-жылдын күз-кыш мезгилинде көтөрүлгөн.
«Электр станциялар» ишканасынан "Азаттыкка" билдиришкендей, мындай абал жай мезгилиндеги суунун көп болушу менен түшүндүрүлүүдө. Бирок аба ырайынын салкындашына байланыштуу суу азыраак келип, мындан ары суу сактагычтагы суунун көтөрүлүүсү күтүлбөйт.
"Мында коркунучтуу эч нерсе жок. Бул кадимки эле абал. Суу сактагычка суунун келиши менен катар чыгып да жатат. Суу сактагыч менен ГЭС ушундай иштөө режимине ылайыкташтырылып долбоорлонгон", - деп билдирди ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.
Токтогул ГЭСи пайдаланууга 1975-жылы берилген. Ал 1200 мегаватт электр энергиясын иштеп чыга алат жана кубаттуулугу жагынан Борбор Азияда экинчи орунда турат.
2017-жылы майда өкмөт ГЭСти реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин баштаган. Токтогул ГЭСин толук оңдоодон өткөрүү долбоору үч фазадан турат. Жыйынтыгында ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга чейин узарып, кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт деп күтүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38