ЖАЛАЛ-АБАД: КАЛК ПАЙДАЛАНЫП ЖАТКАН СУУНУН ТАЗАЛЫГЫНДА ШЕК ЖОК
Жалал-Абад шаарындагы реабилитацияланып, жаңыдан курулуп пайдаланууга берилген суу түтүктөрү аркылуу шаардыктар пайдаланып жаткан суунун сапаты жана тазалыгы эч бир шек туудурбайт. Бул тууралуу шаар мэриясынын тарабынан шаардыктар менен болгон жолугушуу учурунда расмий айтылды.
Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарында эки жылдан бери калкты суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо долбоору жүрүп, суу кампалары курулган, суу түтүктөрү жаңыланып, суу пайдалануучуларга суу эсептегичтер орнотулууда. Бирок, калк арасында жаңы жабдуулар менен берилип жаткан суунун тазалыгы тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Ушуга байланыштуу шаар мэриясы шаар аймагындагы аймактык башкаруулардын, үй жана квартал комитеттеринин жетекчилери, адистери, коомчулук өкүлдөрү менен жаңыдан курулган суу жабдууларынын иштешин толугу менен көрүп чыгышты.
Шаарынын мэриясынын алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Садыр Айтбаевдин айтымында, бул атайын уюштурулган иш-чара калк арасындагы ар кандай туура эмес пикирлердин мындан ары жаралбастыгы үчүн жасалды. Бул максатта атайын топ шаарга караштуу “Птицеград” аймагындагы суу дарбазасынынын, суу тазалоочу жабдуулардын, суу түтүктөрүнүн, суу эсептегичтердин кандайча иштээрин өз көздөрү менен көрүштү.
-Азыркы учурда Жалал-Абад шаарында 9 миң үйгө суу эсептегичтерди орнотуу жана жаңы суу берүү системасына кошуу иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми шаар тургундары бул суу кайдан келет, кантип тазаланат, кандай абалда калкк берилет, деги эле суу тазабы деген суроолорго так жоопторду алышсын үчүн ушул иш-чара уюштурулду. Биздин оюбузча иш-чарага катышкан топ берилип жаткан суунун канчалык сапаттуу жана таза экенине ишеништи жана калкка зарыл маалыматты жеткиришип, мындан ары ар кандай туура эмес пикирлер болбойт", - дейт С. Айтбаев.
Белгилей кетсек, шаардагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, 9 миллион доллар гранттык негизде берилген. Аталган курулуш иштери 2014-жылы башталып, 2016-жылы толук бүткөрүлүп колдонууга берилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13