Шайлоо-2017: Мамлекеттик тил сынагынан 41 талапкер өттү
Мамлекеттик тил комиссиясы кабарлагандай, 16-августта тизме боюнча алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Марат Мергенов жана Темирбек Асанбеков тест тапшырып, ийгиликтүү өттү деп табылды. Ал эми Бакыт Керимбеков сынакка келген жок.
Ушул кезге чейин президенттик кызматка талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө 46 киши катышты. Анын кырк бирине эне тилди В2 деңгээлинде билет деген сертификат берилди. Бешөө керектүү упай топтой албады, аларга сынактын жыйынтыгы тууралуу маалым кат гана берилди.
Кыргыз тилинен сынак тапшыруу президенттикке талапкерлерге коюлган негизги шарттардын бири. Алар 100 баллдык тесттен кеминде 60 упай алуусу шарт. Сынактан кулагандар шайлоого катыша албайт. Тестирлөө 26-июлда башталган.
Президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо “Кыргызтест” системасы аркылуу биринчи ирет жүргүзүлүүдө.
Президенттикке талапкер катары арыз жазган оппозициячыл саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери, убактылуу абактагы Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил сынагынан өтүү үчүн шарт түзүп берүү өтүнүчүн Кыргызстандын БШКсы канааттандырган эмес.
16-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновго сот өкүмү угузулуп, экөөнө тең 8 жылдан абактык мөөнөт чегерилди. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталып жаткандар бул сот жүрүмүн саясий куугунтук катары баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келишет.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |