Жеңиш Жоробеков Каракол ШИИБнүн башчысы болуп дайындалды
Мурдагы Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жооробеков Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Аталган буйрукка КР Ички иштер министри Улан Исраилов кол койду.
Эртең, 17-августта жаңы жетекчини жамаатка тааныштырышат. Бул кызматты аркалаганга чейин Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси болуп 2013-жылдын июнь айынан 2017-жылдын февраль айына чейин үзүрлүү эмгектенген.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын жетектегенге чейин Тогуз-Торо РИИБнүн башчысы болуп иштеген.
Ж.Жоробеков Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси болуп иштеп турган мезгилде “Мекеним менин – Кыргызстан” долбоорунун алкагында бир нече спорттук мелдештер өткөрүлүп, жаш спортчулардын Эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып келүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берген. Ошол учурда ОИИБда “Динамо” спорттук клубу да уюштурулган.
Жеңиш Мамаюнусовичти жаңы кызмат орду менен куттуктап, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Ж. Жоробеков Жалал-Абад ОИИБгын жетектеп турганда облуста коомдук коопсуздук сакталып турган
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









