KELECHEK
rek

Welt: БУУнун санкцияларына карабастан Иран Орусияга курал-жарак жеткирген

Welt: БУУнун санкцияларына карабастан Иран Орусияга курал-жарак жеткирген

БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына карабастан Иран Орусияга оор курал-жарактардын компоненттерин жеткирген. Бул тууралуу Welt am Sonntag басылмасы батыш атайын кызматтарындагы булактарына шилтеме кылып билдирди. Иран куралдарынын Орусияга Сирия аркылуу жеткирилгени айтылууда.

Басылманын маалыматына караганда, июнда Ирандын эки учагы Сириядагы Орусиянын авиациясы жайгашкан Хмеймимге конгон. Алар андан ары Орусияга жеткирүү үчүн оор куралдардын компоненттерин алып барышкан. Андан соң компоненттер жүк унаалары менен Жер Ортолук деңиздеги Тартус портуна жеткен. Ал жактан Иран курал-жарагы Орусиянын «Спарта III» кемеси менен Новороссийск аймагына жеткирилген.

Welt am Sonntag Твиттердеги расмий баракчасына сүрөт жайгаштырып, анда Ирандын Хмеймимдеги учагы тартылганын билдирүүдө. Ошол эле маалда сүрөттүн качан тартылгандыгы тууралуу эч кандай маалымат жазылган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52