KELECHEK
rek

Ак үй: Трамп зомбулук менен жек көрүүчүлүктүн бардык түрүн айыптайт

Ак үй: Трамп зомбулук менен жек көрүүчүлүктүн бардык түрүн айыптайт

Полициячылар автоунаа топтошкон адамдарды тебелеп кеткен Шарлотсвиллде курчоодо турушат

АКШ президенти Дональд Трамп Шарлотсвиллдеги башаламандыктарга катышкан экстремисттерди айыптады. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы «Трамп радикалдарды жана жек көрүүчүлүк идеяларды тиешелүү деңгээлде айыптаган жок» деген сындарга жооп берип жатып билдирди.

"Президент өзүнүн кечээки билдирүүсүндө зомбулуктун, фанатизмдин жана жек көрүүчүлүктүн бардык түрүн айыптай турганын ачык айткан. Албетте, бул ак расанын үстөмдүгү идеясынын тарапташтарына, неонацистерге жана бардык экстремисттик топторго тиешелүү. Президент бардык америкалыктарды улуттук биримдикке чакырды", – деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Президент Трамп ишемби күнү башаламандыктардан кийинки билдирүүсүндө Шарлотсвиллдеги нааразылык акциясынын катышуучулары менен ак экстремисттердин ортосундагы кагылышууларга "көптөгөн тарапты" айыптаган.

12-августта кагылышуулардан кийин митинг өткөрүп жаткан улутчулдардын тарапташтарын катуу ылдамдык менен келген автоунаа тебелеп кеткен. Жыйынтыгында бир аял каза болуп, жыйырмага жакын адам жаракат алган.

Автоунаасы менен топтошкон адамдарды тебелеп кеткен 20 жаштагы Алекс Филдс кармалып, кылмыш иши козголду. Ал Огайо штатынын тургуну болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53