Тажикстанда Орусия жараны аткезчилик үчүн соттолууда
10-августта Дүйшөмбүнүн Шохмансур райондук сотунда падышалык Орусия доорунда жасалган тыйынды аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган деп айыпталган Орусия жараны Татьяна Хужинанын иши боюнча соттук жараян уланды. Отурум жабык эшик артында өттү.
Татьяна Хужинага карата кылмыш кылууга ниеттенүү жана аткезчилик беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Июндун соңунда Тажикстандын Бажы кызматы өлкөдөн 1823-жылы жасалган жез тыйынды алып чыгууга аракет кылган Татьяна Хужина аттуу аялдын кармалганын билдирген. Өлкөнүн Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, 1823-жылы Ектеринбургда чыгарылган тыйын тарыхый, маданий жана нумизматикалык баалуулуктарга ээ.
Бирок Орусиянын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери башкача пикирде. "Хужинанын жанынан табылган тыйын эч кандай нумизматикалык баалуулукка ээ эмес. Жазууларынын жарымы өчүп, абалы начар болгон. Краузенин каталогу боюнча анын баасы эки доллардан төрт долларга чейин", - деп билдирди Дүйшөмбүдөгү орус элчилигинин өкүлү.
10-августта орусиялык дипломаттар айыпталуучу кармалбаганын, бирок ал кызы менен соттун жүрүшүнө тынчсызданып жаткандыгын билдиришти.
Татьяна Хужинанын айтымында, ал Тажикстанда үйүндөгү буюмдарын ирээттеп жатып 1823-жылкы тыйынды таап алган. «Аны күрөөканага алып барсам эң жогорку баасы 200 рубль экен. Анан аны талисман катары капчыгыма салып койгом», – деп билдирди ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









