KELECHEK
rek

Тажикстанда журналисттерге акысыз укуктук жардам берилет

Тажикстанда журналисттерге акысыз укуктук жардам берилет

Тажикстанда жергиликтүү ММК өкүлдөрүн укуктук жактан коргоо боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. Ал «Ачык Коом» - Тажикстан жардам фонду» институтунун каржылык көмөгү менен «Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» тарабынан аткарылууда.

«Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбордун» башчысы Шоира Давлатованын билдиришинче, долбоордун алкагында жумушуна байланыштуу укуктары бузулган журналисттерге акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча атайын юридикалык кабыл алуу бөлүмү ачылат.

«Эгер журналист кесибине байланыштуу ыңгайсыз абалга туш келсе — камалса же кылмыш иши козголсо — ал кабыл алуу бөлүмүнө кайрылып, адвокаттын кызматы менен пайдалана алат. Айрым иштер боюнча ММКларда чагылдыруу да каралган», деп айтылат «Ачык Коом» - Тажикстан жардам фонду» институтунун билдирүүсүндө.

Шоира Давлатованын айтымында, ММК жетекчилеринин өтүнүчү менен басылмалар редакциянын документтерине укуктук аудит да жүргүзө алышат. Андан сырткары журналисттерде макалаларын жарыялоонун алдында укуктук анализден өткөрүү мүмүндүгү пайда болот. Бул андан кийинки ыктымал тобокелдиктер менен кесепеттердин алдын алары белгиленүүдө.

Жергиликтүү журналисттик уюмдар бийлик тарабынан кысым болуп жаткан шартта ММК кызматкерлери укуктук жактан корголбогондугун көп билдирип келишет. Көз карандысыз ММКлардын улуттук ассоциациясынын маалыматына караганда, өткөн жылы «Нигох», «Вароруд», «Дам» басылмалары жана «Точньюс» агенттиги ишин токтотуп, ондогон журналист өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53