Жалал-Абаддагы мектептер окуу жылына 90 пайыз даяр
Жалал-Абад шаардык мэриясы шаардын аймангындагы билим берүүчү мектептердин жаңы 2017-2018-жылкы окуу жылына карата даярдыктарын атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда текшерүү өткөрдү. Бул боюнча шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.
Анын айтымында, түзүлгөн комиссиянын негизинде шаардагы жалпы жыйырма бир мектепте жаңы окуу жылына карата өткөрүлүүчү оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышып чыгышты. Жыйынтыгында мектептер окуу жылына 90 пайызга даяр экени маалым болду.
-Учурда №13 мектепте stem grant долбоорунун негизинде мектептин терезелери толугу менен жаңыланып, 20-августка чейин аяктоо алдында турат. Жаңы окуу жылында салынып аяктоо алдында турган №6 орто мектеп ушул жылдын октябрь айында ишке берилмекчи. Мамлекттик бюджеттен бул жылы шаар мектетеринин ремонт иштерине 1 миллион 699 миң 700 сом акча каражаты бөлүнүп берилген-дейт ал.
Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Далибай Камбаровдун айтымында, шаар боюнча жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы мурунку жылдагыга салыштырмалуу жакшы бирок, эксилиги жеткен имараттар жана санитардык абал толук сакталбаган мектептер да жок эмес.
- Негизги маселелердин бири шаардын борборундагы мектептерде окуучуларга класстардын, мектептердин аянты анда окуган балдардын санына салыштырмалуу кичине болууда. Мектептерде бул сыяктуу маселелер сөзсүз түрдө эске алынышы керек. Окуучуларга түзүлгөн жакшы шарттар балардын билим деңгээлинин жакшыруусуна таасирин тийгизет дейт,-Д. Камбаров.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30