Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту
“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу акциянын катышуучуларынын бири Айбек Султанкулов “Азаттыкка” билдирди.
- Ачкачылыкты токтоттук. Эч кандай жыйынтык болгон жок. БШК Текебаевди кыргыз тил сынагына киргизген жок. Эми башка кадамдарга барабыз, - деди Султанкулов.
Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Текебаевдин беш тарапташы анын кыргыз тил сынагынан өтүшүн талап кылып, 11 күн ачкачылык кармады. Аларга кийин Базар-Коргондон жети адам кошулган.
Боршайком 10-августтагы отурумунда Текебаевди тил сынагына киргизбөө чечимин кабыл алган. Текебаев менен Чотоновдун соту кечээ уланып, тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Сот тыныгуусуз кечке чейин улангандыктан, Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакыртылган. Буга удаа ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулунун да саламаттыгы начарлап, врачтардан жардам алган. Соттук отурум улантылат.
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13