Прокурор Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга кесүүнү өтүндү
Прокурорлор "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону сурап жатат.
Сот процесси жүрүп жатканда Текебаев өзүн начар сезип, чакырылган тез жардам кызматынын дарыгерлери ага жардам көрсөтүштү. Кийин сот залына кайтып келген саясатчы кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтты.
Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келишет.
“Ата Мекен” партиясынын беш өкүлү Бишкекте, дагы беш өкүлү Базар-Коргондо алардын бошотулушун талап кылып ачкачылык кармап жатышат. Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









