KELECHEK
rek

Жалал-Абаддын базарларында өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча рейд өттү (ФОТО)

Жалал-Абаддын базарларында  өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча рейд өттү (ФОТО)

Кечээ, 9-август күнү Жалал-Абад шаарында жайгашкан базарларда өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынан, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспексиясы жана шаардык өрткө каршы мамлекетик кызматынын кызматкерлери катышты.   Мында базардагы жеке менчик дүкөндөрдүн алдындагы товарларларын жайып алгандарга жана жолго чыгып кеткен соодагерлерге түшүндүрүү  иштерин жүргүзүштү. Ал эми шаардык өрткө  каршы  кызматынын бөлүмүнүн  башчысынын орун басары Чынарбек Шекеновдун айтымында, мындай рейд ушул жума ичи шаардагы бардык соода түйүндөрүндө болмокчу.

"Бүгүнкү өткөргөн  иш-чаранын негизги максаты – жалпыга маалым болгондой жакынкы күндөрү Өзгөн районунда базар өрттөнүп  кетип, бир топ адамдарга кыйынчылык жаралган. Ошол окуядан соң, биз шаардык мэрияга кат жолдогонбуз. Андан көп узабай буйрук чыгарып, ошол буйруктун негизинде соода түйүндөрүн текшерүүдөбүз. Мына ушул бир жуманын ичинде базарлардын баарысын  толук текшерип чыгабыз",-дейт орунбасар Ч. Шекенов.

Белгилей кетсек,  шаардагы соода-сакыт жүргөн базарлардын жалпы аянты 2 гектарды түзөт.  Мында 125 жеке менчик дүкөндөр бар. Бир күндө  5 миңден ашык адам мына ушул борборбук базардан өз муктаждыктарын кандырып келишет.​​​​

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13