KELECHEK
rek

АКШнын Мамдепартаменти Путиндин Абхазияга сапарын айыптады

АКШнын Мамдепартаменти Путиндин Абхазияга сапарын айыптады

Кошмо Штаттар Орусия президенти Владимир Путиндин эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Абхазияга расмий сапар менен баруусун кескин айыптады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө Путиндин «Орусия тараптан оккупацияланган грузин аймагына» барышы 2008-жылкы Грузиядагы согуш боюнча Эл аралык Женева талкууларын бузганы жазылган.

Мамдепартамент Орусияны «Грузиянын аймактык бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүн сыйлоого» жана аскерлерин 2008-жылкы согушка чейин турган аймактарга алып кетүүгө үндөдү. АКШ ошондой эле Москва Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу чечимин кайра карап чыгышы керектигин да белгиледи.

«Беш күндүк согуш» деп аталган 2008-жылдын 8-августунда башталган орус-грузин согушунда Грузия 412 жаранын жоготуп, Орусиянын 67 аскери мерт болгон. Согуштан кийин Түштүк Осетия өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Аны Орусиядан тышкары үч өлкө — Никарагуа, Венесуэла жана Науру тааныган. Тбилиси, ошондой эле батыш өлкөлөрү ал аймакты Грузиянын бир бөлүгү катары эсептешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12