“Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемеси чындыкты айтканы үчүн кароолчуну иштен айдаган (фото)
“Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын профсоюз уюму “Курук сай” участкасындагы таштанды таштоочу жайдын кароолчусу Бакыт Зулуевдин катышуусу жок жыйын өткөрүп, аны жумуштан кетирүү чечимин кабыл алышкан. Бул тууралуу Бакыт Зулуев бүгүн, 9-август күнү маалымат жыйында билдирди.
Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылынын тургуну Бакыт Зулуев “Курук сай” участкасындагы таштанды таштоочу жайдын кароолчусу болуп 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан. “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчилилери таштандыларды ташыган унаалардын каттамдарын 2 эсе көп жазуу менен күйүүчү майды мыйзамсыз жок кылып жатышкандыгы боюнча укук коргоо органдарына кайрылган.
- Мени иштен алганына 4 ай болуп калды. Каттамдарды эки эсе көп жазып жатышкандыгын укук коргоо органдарына айтып койгондугум үчүн 2017-жылдын 18-апрелинде профсоюз уюмунун жыйынын мени катыштырбай туруп өткөрүшүп, жумуштан кетирүү боюнча чечим чыгарып коюшкан. Себеби, ишкананын жетекчиси Төлөн Бакировдун журналы менен менин каттоо журналым бири-бирине дал келбей калды. Менин журналымда 30 каттам болсо, ишкананын жетекчисинин журанлында 2 эсе көп “60 каттам болгон” деп жазылып, дем алыш күндөрү да таштанды ташылгандыгы боюнча жасалма маалыматтар бар экени ачыкка чыккан. Бул иш боюнча укук коргоо органдары да эч кандай жыйынтык чыгарып беришкен жок. Кышында да келип, сиздерге бул иш боюнча маалымат жыйын өткөрүп кеткемин. Ошол себептен, Бишкекке барып жогорку бийлик органдарына кайрылууну көздөп жатам, - дейт Б.Зулуев.
Анын айтымына караганда, “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчиси Төлөн Бакиров жаңы кызматка келгенде 2014-жылдан бери ар бир таштады ташыган унаалардын канча каттам жасагандыгын жазып келе жаткан. Ага ар айдын аягында ишкананын кадрлар бөлүмүнүн башчысы текшерип, кол коюп келген. Таштанды ташыган автоунаалардын каттамдарын каттоо журналын Т.Бакиров өзүнө алуу үчүн кароолчу Б.Зулуевге карата ар кандай кысымдар болгон.
Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Б.Зулуев КР өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Ш.Осмоновго аталган маселе боюнча арыз менен кайрылган. Ал арызда “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчилери чогуу биргеликте коррупциялык жол менен күйүүчү майларды жок кылуу фактысы жазылган. Андан кийин, ал Жалал-Абад шаарынын мэрине арыз ушул маселе боюнча арыз менен кайрылган. Ал арызга шаардын вице-мэринин милдетин аткаруучу Б.Байтиков 27-апрель, 2017-жылы жооп берген. Ал жоопто “Жалал-Аба Тазалык” муниципалдык мекемесинин жетекчиси Т.Бакиров тууралуу жазган арызыңыз боюнча мэриянын 2017-жылдын 24-апрелинде “Иликтөө иштерин жүргүзүүгө атайын комиссия түзүү максатында” № 94-б буйругу чыгып, бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиребиз. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымдайбыз” – деп жазылган.
Мындан сырткары, Б.Зулуев 2017-жылдын 19-апрелинде КР МУККнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, полковник К.Бокаевге арыз менен кайрылган. Ал арызында, ушул жылдын 22-март күнү облустук финполиция жана облустук прокуратура тарабынан 431 миң сомго карата иш козголгондугун билдиришкендигин баса белгилеп, бул сумма бир эле Т-130 үлгүсүндөгү сүргүч бульдозердун үстүнөн ашыкча жабылган акча экендиги аныкталгандыгын жазган. “Сүрүү үчүн 1 айда 800 литр гана ГСМ берилет, бирок Т.Бакиров сүрүү үчүн 1 айына 3500 литр ГСМ коротулду” деп жабып кол койдуруп келгендигин” Т-130 бульдозерунун айдоочусу В.Тажибаев текшерүүчүлөргө берген маалыматында жазгандыгын да баса белгилеп кеткен.
Ошондой эле, ал өзүнүн арызында таштанды таштоочу жайдагы сарайдын 100 чарчы метр жерин Т.Бакиров 2017-жылдын 20-январындагы буйругу менен Ош шаарынын тургуну М.Бековго ижарага берүү боюнча келишим түзгөндүгүн жазып, мыйзам чегинде бул коррупциялык иштерге бөгөт коюп, чара көрүүсүн суранган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Шарабидинов тарабынан Б.Зулуевдин арызына: “Арызда көрсөтүлгөн дооматтар боюнча мурда Жалал-Абад облустук МУККнын тергөө бөлүмү тарабынан каралып жатканына байланыштуу арызды кароо жагы токтотулду” деген жооп берилген.
- Бир күнүнө “Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын айдоочулары кетирген солярканын көлөмү 500 литрге көп жабылып турган. Муну текшерген адам жок. Бул өзү коррупция да. Ушул нерсени ачкандыгым үчүн мени иштен кетирип жатышат. Заправщикке 430 миң сом үчүн иш козголуп жатса, аны кайра диспечер кылып кызматын жогорулатып койгон. Таштанды таштаган жерди ижарага өзү берип, кийин мэриядан уруксат сурап жатат. Өзү каалагандай кылып иш жүргүзүп келет. Ушул кезге чейин бир жыйынтык жок. Мен 8 саат иштешим керек болсо, ал жерде 24 саат иштеп келгемин. Менин алган айлыгым болгону 3 миң сом, айдоочулар 11 миң сом алышат. Муну караган эч ким жок, - деди Б.Зулуев.
Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”
Бакыт Зулуев: «Жалал-Абад Тазалык» ишканасы күйүүчү майды мыйзамсыз...
“Жалал-Абад Тазалык” ишканасынын жетекчилилери таштандыларды ташыган унаалардын каттамдарын 2...
КООМ 2017-02-24 14:06
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









