Тажик операторлору "Кыргызтелекомго" 1,3 млн доллар карыз
Тажикстандын "Телеком Технолоджи" жана "Сатурн-Онлайн" байланыш операторлору интернет үчүн “Кыргызтелекомго” 1 млн 349 миң доллар карыз. Бул тууралуу компаниянын башчысы Нурлан Мадаминов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, "Сатурн Онлайн" операторунун бересеси 662 миң долларды түзөт. Эл аралык арбитраждык сот карызды жабууну милдеттендирген, бирок тажик тарап өкүмдү аткарууга ашыга элек.
Буга байланыштуу “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому кыргыз өкмөтүнөн бул маселени тажик бийлиги менен талкуулоону суроодо.
"Телеком Технолоджи" байланыш операторунун карызы 687 миң доллар. "Кыргызтелеком" бул компанияны эл аралык арбитраждык сотко берди.
"Кыргызтелеком" – өлкөнүн телекоммуникациялык тармагындагы ири компания, 450 миңден ашуун абоненти бар. Ачык акционердик коомдун 78% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, 12% Социалдык фондго, 10% жеке жактарга таандык.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38