Жалал-Абад облусунун район-шаарларында коррупцияга каршы күрөшүүнүн абалы жакшы эмес (ФОТО)
Бүгүн, 8-август күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө укук коргоо органдарынын аткарган иштери боюнча координациялык кеңешме болуп, ага өкүл Кыянбек Сатыбалдиев баштаган облустук укук коргоо орагандарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Координациялык кеңешмеде эки маселе каралды. Биринчи маселеде Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Рахманберди Нурмаматов облустун аймагында мыйзамдуулуктун сакталышы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдын алуу, жалпы абалы боюнча баяндама жасады.
- 2017-жылдын биринчи жарымында 1346 (1411) кылмыш катталып, өктөн жылга салыштырмалуу 65 кылмышка аз катталган. Катталган кылмыштардын бетинин ачылышы 89,6 (85,7%) пайызды түзгөн. Жалпы каттлаган кылмыштуулуктун ичинен 311 (359) же болбосо 23,1 пайыз оор кылмыштар болсо, 45 (76) же 3,3 пайыз (5,3%) өзгөчө оор кылмыштар болуп, бул багыттагы кылмыштардын бетинин ачылышы 100 пайыз болгон. Жалал-Абад облусунун аймагында оор жана өзгөчө оор кылмыштар өткөн жылга караганда 45ке азайган. Адам өлтүрүү боюнча 11 кылмыш иши катталып, өткөн жылга караганда бешке аз болгон. Зордуктоо боюнча 10 кылмыш катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 9га азайган. Каракчылык боюнча 8 кылмыш иши катталып, өткөн жылга караганда 8ге аз катталган. Тоноо боюнча 21 кылмыш катталып, тогузга азайган. Уурдоо боюнча 355 кылмыш катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 49га көбөйгөн. Мал уурдоо боюнча 161 болуп, 51 кылмышка көп катталган. Алдамчылык боюнча 66 кылмыш катталып, 21ге азайган, - деди Р.Нурмаматов.
Облус прокурорунун орун басары Р.Нурмаматов өз баяндамасында аялдар тарабынан 85 (68) кылмыш жасалган. Жашы жетпегендер тарабынан 57 (67) кылмыш жасалып, 10 кылмышка көбөйгөнүн айтты. Сузак районунун Ырыс, Атабеков, Барпы айыл өкмөттөрүндө уюшкан кылмыштуу топ түзүлүп, алар тарабынан жер мыйзамдарын одоно түрдө бузуу менен мурдагы айыл өкмөттөрдүн чечимдеринин көчүрмөлөрүн оңдошуп, жерлерди мыйзамсыз сатуу фактылары көбөйгөн. Ушундай эле фактылар Базар-Коргон районунда да катталган.
“Ошондой эле, 2017-жыылдын 1-жарым жылында облустук прокуратура органдары тарабынан аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү багыты боюнча бардыгы болуп 712 текшерүү жургүзүлгөн, 951 прокурордук акт киргизилген. Текшерүүдө 214 каршылык билдирүү, 321 ченемдик укуктук актыларды четтетүү жөнүндө сунуш, 164 талап, 26 алдын ала эскертүү берилген. 201 тартиптик жана административдик өндүруш иштери козголгон”, - дейт Р.Нурмаматов.
Ал эми Жалал-Абад облустук ИИБнын жетекчисинин орун басары Маматазиз Хажиматов жол транспорт кырсыктарынын алдын алууда жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери баяндама жасады.
- 2017-жылдын 6 айында Патрулдук милиция (ПМ) кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузган – 26980 айдоочуга тийиштүү чаралар көрүлгөн, протоколдор түзүлгөн. Анын ичинен 784 айдоочу мас абалында автоунаа башкаргандыгы үчүн кармалган. Өндүрүлгөн жалпы айыптын суммасы 15 млн. 153 миң сомду түзгөн. Жол шарттары боюнча – 470 эскертмелер берилген. Тийиштүү жетекчилерге – 107 административдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы – 139 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Облустун аймагында 2017-жылдын 6 айынын ичинде өткн жылга салыштырмалуу катталган жол транспорт кырсыктарынын саны +18,5 пайызга (394төн 467ге) өскөн. Ал эми каза болгондордун саны – 7,6 пайызга (52ден 48ге) азайган, - деди М.Хажиматов
Анын сөзүнө караганда, “Бишкек-Ош” жолунда айдоочулардын эрежелерди туура сактабагандыгынын айынан автокырсктардын көп катталууда. Жалал-Абад-Бишкек каттамы боюнча 450-500 такси иштейт. Ал эми Өкүл К.Сатыбалдиев акыркы мезгилде “Бишкек-Ош” жолунда автоунаа кырсыктары көп катталып, адам өмүрүн алып кеткен фактыларды четтетүү боюнча кооптуу болгон участокторго ПМ коюп, ошол жерлерди өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин баса белгилеп кетти.
Ал эми экинчи маселе боюнча КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Сапарали Багышев “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдын жана КР Өкмөтүнүн 30.03.2015-жылдагы №170 токтому менен бекитилген иш-чаралардын аткарылыш абалы жөнүндө баяндама жасады.
Анын айтымында, өкүлчүлүк тарабынан түзүлгөн атайын комиссия облустун район-шаарларына барып, ал жерде “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдын аткарылышы боюнча жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Текшерүү учурунда көпчүлүк айыл өкмөттөрдө, райондук мамлекеттик администрациялар менен шаардык мэрияларда бул багытта иш-чаралар кабыл алынганы менен аны аткарууга көңүл бурушкан эмес.
Акырында, координациялык кеңешмеде жергиликтүү бийлик тарабынан кетирилген кемчиликтер талкууга алынып, аны четтетүү боюнча кандай иш-аракеттер аткарылышы керектиги жетекчилерге милдеттендирилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









