Жалал-Абад шаарында “Биз эмчек эмизүүнү колдойбуз!” аттуу акция өттү (ФОТО)
Бүгүн, 7-август күнү Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында “Биз эмчек эмизүүнү колдойбуз!” аттуу акция өтүп, ага шаардагы медицина кызматкерлери, энелер балдары менен келип катышты.
Акцияны уюштуруучуларынын бири ЮСАИД Агентствосу каржылаган SPRING долбоорунун коомчулук менен иштөө адиси Аида Шамбетованын берген маалыматына караганда, 1-августтан 7-августка чейин Бүткүл Дүйнөлүк “Эмчек эмизүү” жумалыгы өтүп жатат. Ушул жумалыктын алкагында Кыргызстандын бардык облустарында “Биз эмчек эмизүүнү колдойбуз!” аттуу акциялары уюштурулду.
- ЮСАИД Агентствосу каржылаган SPRING долбоорунун максаты – негизинен ымыркайлардын жана энелердин тамактануусун жакшыртуу. Наристенин жана эненин ден-соолугун сактоонун эң мыкты жолу – бул эмчек эмизүү. Эмчек сүтү – бул ден-соолуктун булагы деп айтсак болот. Себеби, алты айга чейин бала эмчек сүтү гана керек! Эч кандай башка суусундуктар берилбеши керек, Анткени, эмчек сүтүндө баланын чаңкоосун кандыра турган суу бар. Эне сүтүндө бала керектүү бардык азыктар бар. Суу, же чай жана башка суусуедуктар берилбеши керек. Кошумча суусундуктар эненин эмчек сүтүн азайтат. Эне сүтүнөн башка суусундукту ичкен алты айга чейинки наристелердин көпчүлүгү ич өткөк ооруга кабыл болушат, - деди А.Шамбетова.
Ошондой эле, “Биз эмчек эмизүүнү колдойбуз!” аттуу акцияда сөз алган Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын сөзүнө караганда, шаарда бир жумадан бери эмчек эмизүү өнөктүгү шаардык мэрия тарабынан 1-7-августка чейин жарыяланып, бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн.
- Бул акцияны өткөрүүгө Жалал-Абад облустук үй-бөлүк дарыгерлер борбору жана Эл аралык ЮСАИД уюмунун SPRING долбоору өнөктөш болду. Биздин өнөктөштөргө Жалал-Абад шаардык мэриясынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Дүйнө жүзү боюнча эмчек эмизүү жумалыгы өтүп жатат. Европа мамлекеттеринде жаш ымыркайларды көбүнчө жасалма азыктар менен тамактандырышат. Ошол себептен ал жакта бул өнөктүккө өтө маани берип жатышат. Эмчек эмизүүнү билбеген жаш энелер, кошумча тамактандырууну эрте баштап алган энелерибиз бар. Ошол нерсени өзүбүздүн тургундарга жакшылап жеткирели деп бүгүн мына жыйынтыктоочу иш-чараны өткөрүп жатабыз , - деди Г.Базаркулова.
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Хатича Пратованын айтымында, “Биз эмчек эмизүүнү колдойбуз!” аттуу акция жер-жерлерде өткөрүлүп жатат.
- Жала-Абад шаары да ушул акциядан четте калбастан, 1-августтан бери ар бир үй-бүлөлүк топторунда жүрүп жатат. Эл көп чогулган жерлерде, “Айгүл” соода борборунда, базарда, паркта элге эмчек эмизүүнү пайдалуу жактары боюнча маалыматтар берилди. Бул акцияга Жалал-Абад шаарынын медицина кызматкерлери жана жаш энелер активдүү катышып жатышат. “Биз эмчек эмизүүнү колдойбуз!” аттуу акцияга көпчүлүк шаар тургундары катышты. Биз ушуну унутпастан жыл сайын өткөрүп келүүдөбүз. Бүгүнкү акцияга келген энелерге ыраазычылык билдирүү менен балдарыңардын өмүрлөру узун болуп, ден-соолуктары чың болсун!, - дейт Х.Пратова.
Мындан сырткары, Эл аралык “Балдарды коргойлу!” уюмунун Кыргызстандагы офисинин башчысы Саадат Сатарова долбоордун максатына кыскача токтолуп кетти.
- Эл аралык ЮСАИД уюмунун SPRING долбоорунун жардамы менен Кыргызстанда 26 миңден ашык медицина кызматкерлери окутулуп жатат. Бул долбоор Жалал-Абад жана Нарын облустарында пилоттук болуп ишке ашырылууда. Медицина кызматкерлерин окутуу менен эмчек сүтү эмнеге маалилүү экендиги боюнча маалыматтарды төрөт жашындагы энелерге туура жеткирүү болуп саналат. Наристени жасалма тамактандыруу эне сүтүнүн ордун толуктай албайт. Эмчек сүтү наристе үчүн зарыл, бардык азык заттарды өзүнө камтыйт, жеңил сиңет жана аш болумдуу. Дайым даяр жана аны даярдоонун кажети жок, ошондуктан убактыңызды албайт. Бекер. Ар кандай жугуштуу оорулардан коргойт , - дейт С.Сатарова.
Ошондой эле, Эл аралык ЮСАИД уюмунун SPRING долбоорунун медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуучу адиси Сайкал Бозованын берген маалыматына караганда, АКШ өкмөтү Кыргыз Республикаксы менен өнөктөшүү негизинде начар жана жетишсиз тамактануу көйгөйлөрүн чечүү максатында USAID\SPRING долбоору менен бирге чечүүгө жардам берет.
- USAID\SPRING Америка элинен АКШ Агентствосунун программалары алкагында иш-аракеттерди жүргүзөт. Долбоордун максаты – балдардын жана төрөт жашындагы аялдардын тамактануу статусун жакшыртуу багытында иш алып барат Балдардын жана төрөт жашындагы аялдардын начар жана жетишсиз тамактануу практикасын өзгөртүү үчүн – бул үч жылдык долбоор алдыңкы илимий жактан тастыкталган тамактануу практикаларын окутат, - деди С.Бозова.
Көп изилдөөлөр эмчек эмген балдардын ар кандай оорулар менен аз оорушун далилдеген. Жалаң эмчек эмген балдар кээ бир учурда гана ооруларга кабыл болушат. Эгерде ооруга дуушар болсо да жеңил өтөт. Себеби, эмчек сүтундө ар кандай ооруларга каршы заттар бар. Бөтөлкө менен тамактанган балдардын арасында ичи өткөк оорулуу балдардын саны 17 эсе көп жолугат. Анын себеби, бөтөлкө упчу аркылуу ар кандай микробтор, жана бактериялар балага жугушу мүмкүн.
Акциянын катышуучулары үчүн концерт тартууланып, суроо-жооп викторинасы ойнотулуп, баалуу белектер берилди.
Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13