KELECHEK
rek

“Жаныбек казы” тарыхый драмасы өз көрүүчүлөрүн тапты

“Жаныбек казы” тарыхый драмасы өз көрүүчүлөрүн тапты

“Тарых жана маданият” жылына карата  Барпы театры Эрнис Турсуновдун “Жаныбек казы” аттуу тарыхый драмасын алып чыккан. Спектакль Жалал-Абад облусунун көрүүчүлөрүнө коюлуп, эл жылуу кабыл алган соң, Бишкек шаарындагы Т. Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлду. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын адабий бөлүм башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.

Анын айтымында, анда көрүүчү катары КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов баштаган бир топ жетекчилер келишип, өздөрүнүн ойлорун айтышты. Ушул эле спектакль Токтогул, Таш-Көмүр шаарларында коюлду. Андан соң, 25-май күнү ордолуу Ош шаарында спектакль уюшулуп, Жаныбек казынын урпактары да келишип, спектаклди алып чыккандарга, уюштуруу иштерин жүргүзгөндөргө, катышкан актер, актрисаларга ыраазычылыктарын билдиришти.

“Ал эми ушул эле спектакль 26-май күнү Баткен облустук Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында коюлду. Тарыхый драмага 21 каарман катышкан. Эки саатка созулган драманы эл кызыгуу менен кабыл алышты. Жаныбек казы элдин сабаттуу болуусуна умтулган жана Совет өкмөтүнө ак кызмат кылган. Бирок, чагымчыл күчтөр тарабынан караланып, басмачы, эл душманы аталган. Аталган драма алгач театрдын көркөм кеңешинен, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен келген комиссиянын сынынан өтүп, спектакльди коюуга уруксат берилген”, - дейт А. Дүйшө кызы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29