Ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду
Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Алынган маалыматка караганда, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөк пулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам мамлекеттик жөлөк пулдарды, алардын түрлөрүн белгилейт. Ошондой эле, мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөөгө жана төлөп берүүгө байланыштуу мамилелерди, ал мамилелерден келип чыккан процесстерди кошо жөнгө салат.
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясы принципиалдуу түрдө жөлөк пулдун объектиси катары баланын өзүн аныктайт жана улуттук, эл аралык мыйзамдарда бекитилген юридикалык милдеттенмелерди ишке ашырууга көмөктөшөт.
Мыйзамдын 5-беренесине ылайык төмөндөгү мамлекеттик жөлөк пулдар каралган:
- балага сүйүнчү — ар бир бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул;
- балага жөлөк пул — 3 жашка чейинки (ар бир) баланы багуу боюнча ар айлык жөлөк пул;
- үй-бүлөгө көмөк — 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 3 жана андан көп (ар бир) баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөк пул;
- социалдык жөлөк пул — пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар ай сайын берилүүчү жөлөк пул.
Мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмү өкмөт тарабынан бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жана экономиканын абалына жараша жашоо минимумун эске алуу менен жыл сайын белгиленет.
Пенсиялык камсыздоого укугу жок 65 жашка толгон эркектер, 60 жашка толгон аялдар, 55 жашка толгон «Баатыр эне» наамы барлар үчүн ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.
Ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда эмгекке жөндөмсүз төмөнкүдөй адамдарга дайындалат:
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга – 18 жашка чейин;
- бала кезинен I, II жана III топтогу майып адамдарга;
- I, II жана III майыптык топтогу адамдарга;
- улгайган жарандарга (65 жашка толгон эркектерге, 60 жашка толгон аялдарга);
- 55 жашка толгон «Баатыр эне» наамы барларга;
- бир багуучусунан (ата-энесинин биринен) айрылган балдарга;
- 2 багуучусунан (ата-энесинен) тең айрылган балдарга;
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 18 жашка толгонго чейин.
Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









