KELECHEK
rek

Президент Атамбаев: «1916-жылдагы Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган»

Президент Атамбаев: «1916-жылдагы Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган»

Кечээ, 3-августта, Президент  Алмазбек Атамбаев  1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүнө байланыштуу  кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүн каргашасынын жылдыгын жалпы эскерип жатабыз. Кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда - 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алды.

Элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болгон. Эгемендик жылдарында жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калган.

2016-жылы биз элибиздин мойнунда жүз жыл бою оор  жүк болуп келген ыйык парзыбызды өтөдүк. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жанын берген чыгаан уулдарыбыздын сөөгү жашырылган "Ата-Бейитте" 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө шейит кеткендерге Эстелик тургуздук.

Ал Эстеликтин бетине кыргыздар кылымдап баскан жолду таасын чагылдырган алты сап түшүрүлгөн:

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз,

Кырылып бара жатып тирилдик биз,

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз!

1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган. Андан кийин дагы көптөгөн жоготууларга карабастан, элибиз изги тилегине жетти – Кыргызстан азыр дүйнөдө, региондо өз орду бар, келечектүү өлкө!

Биз Тарыхтан таберик болуп келген мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Өткөндү унутпайлы. Кыргыз жери үчүн, эркиндик үчүн шейит кеткен боордошторубузду эстен чыгарбайлы.

Кыргыз көчү эч качан бириндебей, жолунан адашпай, түз кетиши керек.

Баарыбыз тилектеш, максатташ болсок, күчтүү болобуз.

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12