KELECHEK
rek

Өзбекстандык журналист Али Феруз сотто өзүн өлтүрүүгө аракет жасады

Өзбекстандык журналист Али Феруз сотто өзүн өлтүрүүгө аракет жасады

"Новая газетанын" кабарчысы Али Ферузду Орусия соту Өзбекстанга депортациялоону чечкен соң, журналист өзүнө кол салууга аракет жасады. Бул тууралуу"Новая газета" басылмасы Феруздун адвокаты Даниил Хаймовичке шилтеме берүү менен билдирди.

Адвокаттын айтымында, Феруз сот имаратында депортация боюнча токтомдун көчүрмөсүн күтүп жатканда суицидке барууга аракет жасаган. Аны соттук приставдар токтотуп, Сахароводогу атайын кабыл алуу жайына жеткиришкен. Журналист “Өзбекстанга баргандан көрө өлгөнүм артык” деп билдирген.

Москванын Басман райондук соту 1-августта Али Ферузду (Худоберди Нурматов) мажбурлоо менен Орусиянын аймагынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Журналистке 5 миң сом өлчөмүндө айып салынганын аталган гезиттин кабарчысы Екатерина Фомина билдирген.

Сот Феруз чет элдик жарандардын Орусияда жүрүү тартибин бузду деп тапкан. Ал күнөөсүн моюнга алган жок. Журналист он күн ичинде сотун чечимин даттанууга укуктуу.

Журналист шейшембиде кармалган. Буга чейин полиция анын орус жергесинде 2011-жылдан бери мыйзамсыз жүргөнүн маалымдаган.

Али Феруз Өзбекстандан сегиз жыл мурун чыгып кеткен. Буга атайын кызматтар кызматташууга мажбурлаганы себеп экенин айткан. Июндун башында орус бийлиги ага убактылуу башпаанек берүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. Феруздун айтымында, Өзбекстанда ага террордук уюмдар менен кызматташкан деген айып тагылышы мүмкүн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...