Өзбекстанда сойкуларга далдалчылык кылган көп балалуу эне соттолду
Өзбекстандын Жизак облусунда жаш кыздарды сойкулук үчүн чет өлкөгө сатуу менен алектенген топ кармалды. Бул туурасында Интерфакс агенттиги облустук соттун өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.
«Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу он балалуу эне экендиги аныкталды. Сот аны 9 жылга эркинен ажыратты. Ал эми эки шеригин 8 жана 8 жарым жылга кести”, - деди соттун өкүлү.
Анын айтымында, соттук териштирүүлөр учурунда бул аялдар жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн кыздарына жолугуп, Европа менен Азия өлкөлөрүнө барып, көп акча таап келүүнү сунушташкан. Иш жүзүндө болсо аларды сойку каналарга жөнөтүп турушкан.
Далдалчылардын колунан качып, Өзбекстандын дипломатиялык миссияларынын жардамы менен үйүнө кайтып келген бир нече аял укук коргоо органдарына кайрылып, анын натыйжасында бул кылмыштуу топту колго түшүрүүгө мүмкүн болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04