ЭлТРКнын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө ОсОО “Фулл Голд Майнинг” компаниясы техникалык колдоо көрсөттү (ФОТО)
Бүгүн, 3-август күнү Ала-Бука районунда алтын кенин иштеткен ОсОО “Фулл Голд Майнинг” компаниясынын Генералдык директору Луо Хуансуо ЭлТРКнын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө 240 миң сомдук видео камера тапшырды.
Генералдык директор Луо Хуансуонун сөзүнө караганда, алтын кенин казган ОсОО “Фулл Голд Майнинг” ишканасы 2006-жылы июнь айында түптөлгөн.
- Ошол убакыттан баштап 200 млн. сомдук инвестиция салынган. Мамлекетке төлөнгөн салыктын наркы 810 млн. сом болот. Жергиликтүү айылдарга демөөрчүлүк көрсөтүү 60 млн. сомду түзөт. Анан биз жергиликтүү тургундар, жергиликтүү бийлик менен жакшы мамиледе болуп, аларга да колдон келишинче жардамдарды берип жатабыз. Жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешебиз. Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстандагы бардык мыйзамдырды так сактаганга аракет кылабыз. Компанияда азыркы учурда 713 адам эмгектенсе, анын ичинен 613ү кыргыздар. Мындайча айтканда, биздин аткарган иштерибиздин бардыгы Кыргызстандын мыйзамдарына дал келет. Бул дагы болсо, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достукту бекемдөөгө жакшы шарт түзүп берет. Колдон келишинче, жергиликтүү телеканалдарга колдоо көрсөткөнгө даярбыз. ЭлТР компаниясынын ишине көмөктөшүү үчүн атайын видео камера алып бердик, - деди Луо Хуансуо мырза.
Ал эми ЭлТРКнын Жалал-Абад облусундагы кабарчысы Кыял Сабирахунова техникалык колдоо көрсөткөн ОсОО “Фулл Голд Майнинг” компаниясынын Генералдык директору Луо Хуансуо мырзагы терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да аталган алтын кенин казган ишкана менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барыша тургандыгын өз сөзүндө баса белгилеп кетти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13