KELECHEK
rek

Каримованын уулу апасына кылмыш иши жалган фактылардын негизинде козголгонун билдирди

Каримованын уулу апасына кылмыш иши жалган фактылардын негизинде козголгонун билдирди

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу небереси Башкы прокуратураны апасы Гүлнара Каримовага каршы жалган фактылардын негизинде кылмыш ишин козгоого айыптады. Ал бул тууралуу 1-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына берген маегинде билдирди.

28-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленгенин билдирген. 2015-жылы августта Ташкент облустук соту Каримовага беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок Гүлнара Каримованын уулу апасына каршы айтылган айыптоолордун бардыгы тең ойдон чыгарылып, апыртылган деп эсептейт. Анын айтымында, апасына тиешелүү деп айтылып жаткан активдер (кылмыш ишинде 2 миллиард доллар жөнүндө айтылууда) чынында ага таандык эмес.

1-августта Ислам Каримовдун небереси апасы Гүлнара Каримова 3-июлда абакка которулгандыгы тууралуу соттун документин алган. Би-Би-Си азырынча ал документтердин аныктыгын текшерүү мүмкүн болбой жатканын билдирүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...