KELECHEK
rek

Түркияда төңкөрүш аракетине айыпталган 500гө жакын киши соттолууда

Түркияда төңкөрүш аракетине айыпталган 500гө жакын киши соттолууда

Түркияда өткөн жылкы төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыпталып жаткан дээрлик 500 адам соттолууда. 1-августта Анкарадагы атайын курулган имаратта башталган соттук териштирүүлөр президент Режеп Тайип Эрдоганга каршы козголоң чыгаруу ишине байланышкан эң масштабуу сот жараяны болуп эсептелет.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан 486 адамдын көбү тагылган айыптар, анын ичинде Эрдоганды өлтүрүү аракети боюнча өмүр бою эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Түркия бийлиги тарабынан төңкөрүштү уюштурууга айыпталып жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлен бул иште башкы айыпталуучу катары өтүүдө. Учурда АКШда жашап жаткан Гүлендин өзү айыптоолорду четке кагып, өлкөдөгү төңкөрүш аракетине тиешеси жок экенин билдирип келет.

Түркияда 2016-жылы июлда болгон төңкөрүш аракети маалында 250гө жакын адам каза болгон. Бул жараян ал иштер боюнча өтүп жаткан ондогон соттук териштирүүлөрдүн бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53