Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоору туңгуюкка кептелди
Тегеран Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн убадалаган 1 миллион долларды толук бөлүп бере элек. Бул тууралуу Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёров бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Министр келишимге кол коюлган 7 жылдан бери Иран болгону 200 миң доллар гана бергенин кошумчалады. «Ошондуктан долбоор туңгуюкка кептелди. Учурда аны алдыга жылдыруу боюнча эч кандай пландар байкалган жок», - деди Худоер Худоеров.
Министрдин орун басары Шерали Ганжалзода «эгер маселе жогорку деңгээлде чечилбесе, долбоор ишке ашырылбай калышы мүмкүндүгүн» айтты. «Себеп – Иран менен Кытай бир пикирге келе алышкан жок», - деди ал.
Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун узундугу дээрлик 2 миң чакырымды түзүп, анын 580 чакырымы Тажикстандын аймагы аркылуу өтөрү болжолдонгон. Адистердин баамында, жолдун Тажикстан аркылуу өткөн ар бир чакырымы үчүн 8-10 миллион доллар талап кылынып, анын жалпы суммасы 3,2 миллиард долларга жетет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38