KELECHEK
rek

“Ата Мекендин” мүчөлөрү ачкачылык акциясын баштаганын айтышты

“Ата Мекендин” мүчөлөрү ачкачылык акциясын баштаганын айтышты

Аталган партиянын өкүлү Калыс Боронбаев “Азаттык” радиосуна маалымдагандай, кечээ ачкачылык акциясын 6-7 адамдан турган топ баштады. Алардын арасында партия мүчөлөрү, камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин жакындары бар. Эртеңден тартып ачкачылык жарыялагандардын катары дагы көбөйүшү мүмкүн.

Муну менен Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүү талабы коюлат.

“Атамекенчилер” ачкачылык акциясы тууралуу 27-июлдагы басма сөз жыйында жарыялашкан.

26-июлда Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан.

Буга байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын юристтери анын сынак тапшыруусун камсыздоо талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. БШК болсо Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштаган.

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил сынагын 26-июлдан тарта тапшыра баштады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13