KELECHEK
rek

Тажик бийлиги аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай колдоо көрсөтө баштады

Тажик бийлиги аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай колдоо көрсөтө баштады

Быйыл ноябрдан тарта Тажикстандагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн ар бир мүчөсүнө 100 сомониден (10 доллардан ашык) берилет.

Мамлекеттин социалдык жардамы чейрек сайын берилип турат. Евробиримдиктин жана башка донорлордун сунушу менен бул үчүн өлкө бюджетине 80 млн сомони бөлүнгөн.

Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн буга окшогон мамлекеттик колдоолор буга чейин дагы көрсөтүлүп келген. Жергиликтүү бийлик аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүп чыккан.

Тажикстандын каржы министринин биринчи орун басары Жамшед Каримзода бул долбоор үч пилоттук райондо ийгиликтүү ишке ашканын билдирди. “Биз эми муну республиканын бардык аймагына жайылталы деп жатабыз. Бул үчүн бюджетте 80 миллион сомони каралган”,-деди ал.

Социалдык жардам электр кубатын пайдалануу жана башка чыгымдарды компенсациялоо иретинде төрт айда бир жолу берилип турат.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Тажикстан калкынын 13% жакырчылыктын чегинде жашайт жана 2009-жылдан бери бул көрсөткүч дээрлик өзгөргөн эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13