ИИМ: Сирияга жөнөгөн жаран колго түштү
Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Чүй облусунан экстремисттик аракеттерге шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалды. Маалыматка караганда, ал куралдуу жаңжалдарга катышуу максатында Сирия-Ирак аймагына барууга аракет кылып жүргөнү аныкталган.
Ошондой эле курал-жаракты мыйзамсыз сактаганы, экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга аракет жасаганы ыкчам-иликтөө иштеринде белгилүү болгон.
Жашаган жерин тинтүү учурунда эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын камтыган материалдар, ок-дары, курал табылган. Факт боюнча Чүй облусунун Аламүдүн милициясы кылмыш ишин козгоду. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.
УКМКнын расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 600дүн тегерегинде, алардын айрымдары мерт болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









