НТС телеканалынын журналисти жол кырсыгынан каза болду
Ысык-Көлдө каза болгон жаран НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине кесиптештери тастыкташты. Жол кырсыгы 30-июлда таңкы саат 5:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында катталган. Анда Subaru үлгүсүндөгү эки машина кагышкан.
"Бизге ал университетти аяктары менен эле келген. Штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштечү. Ал өзүнүн тырышчаактыгы менен эсибизде калды. Октябрда 23 жашка чыкмак", — деп кесиптештери билдиришти.
Автоунаалар катуу кагышып, темирлери мыйрыйып кеткендиктен маркумдун сөөгүн бир сааттай чыгарышкан. Ысык-Көл облустук ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы боюнча маалыматка азырынча түшүндүрмө бере элек.
Жол кырсыгынын каза тапкан кесиптешибиздин жакындарына 5-каналдын жана 5news.kg маалымат порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Булак: Sputnik Кыргызстан
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









