Гүлнара Каримова камалды
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы камалды. "Интерфакс" агенттиги өлкө прокуратурасына шилтеме кылып билдиргендей, Гүлнара Каримовага алдамчылык, чет өлкө валюталарын катуу, бажы мыйзамдарын бузуу жана арам акчаларды адалдоо беренелери боюнча айып тагылды.
2015-жылы августта Ташкент соту Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, оффшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап беш жылга эркиндигин чектеген.
Гүлнара Каримова – Өзбекстандын маркум президентинин тун кызы. Мурда республиканын Тышкы иштер министрлигинде иштеп, бизнес менен алектенген. Убагында аны Орто Азиядагы эң таасирдүү айымдардын бири деп атап келишкен. Бир нече өлкөдө Каримова коррупциялык иштерге шектелип, тергөө иштери башталган.
2012-жылы Өзбекстан бийлиги Гүлнара Каримованын көзөмөлүндөгү бир нече телеканал, радиостанцияларды жапкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









