АКШ Сенаты Орусияга каршы санкциялар мыйзамын колдоду
АКШ Сенаты бейшембиде 98 добуш менен орусиялык жарандар менен компанияларга, Иран жана Түндүк Кореяга каршы багытталган санкциялар жөнүндөгү мыйзамды колдоду. Ага экөө каршы чыкты.
Мыйзам долбоору июлдун аягына чейин президент Трамптын кол коюусуна жөнөтүлөт.
Эгер президент кабыл алынган мыйзамды кийин өзгөртүүнү же жокко чыгарууну кааласа, Конгресстин уруксаты менен гана ишке ашыра алат. Мыйзам чыгаруучулар тышкы саясий маселелерде мынчалык ири ыйгарым укуктарды чанда гана алат.
Президент документке кол коебу же артка кайтарабы азырынча белгисиз. Анткен менен Конгресстин өкүлдөрүнүн басымы менен Трамп мыйзам долбооруна кол коет деп күтүлүүдө. Бул арада Акүйдүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Антони Скарамуччи CNN телеканалына Трамп Конгресс менен Орусияга каршы дагы катаал санкцияларды киргизүүнү макулдашуу үчүн гана мыйзам долбооруна вето коюшу мүмкүн экенин билдирди.
Мыйзам долбооруна ылайык, Орусияга каршы киргизиле турган санкциялардын айрым жоболору энергетикалык секторго каршы багытталган. Тактап айтканда, америкалык ишканаларга орус компанияларына инвестиция жасоого тыюу салынат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









