Өкмөт Liglass кепилдик төлөм төлөгөн жок деген маалыматты четке какты
Өнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде утуп алган чехиялык LIGLASSTRADING CZ, SRO компаниясы тендерге катышуу үчүн кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵн деген маалыматтарды четке какты.
Аталган мекеме бүгүн тараткан билдирүүдө кээ бир маалымат каражаттарына жарыяланган кабарлар төгүн экени айтылып, "кырдаалды курчутуу жана долбоорду үзгүлтүккɵ учуратуу максатында туура эмес, жалган маалыматтарды атайылап таратуу аракети жүрүп жатканы белгиленген.
Кепилдик тɵлɵм тендерге катышуудагы милдеттүү шарт экени, аны тендердин бардык катышуучулары комитеттин депозиттик эсебине которушары кошумчаланган.
Маалыматка караганда, LIGLASSTRADINGCZ, SRO компаниясы кепилдик акыны тɵлɵгɵн, аны тастыктаган документ, республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынын эсебинен алынган кɵчүрмɵ бар. Каржы министрлиги берген бул документ кепилдик акынын тɵлɵнгɵнүн ырастайт. Чехиялык компания 1 миллион 147 миң 719 доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион сомду да (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң сомдон) тɵлɵгɵн.
Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.
Өткөн аптада аталган компания ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган. Бирок бул жумада да чехиялык Lidove Noviny гезити Liglass Trading Кыргызстанга 1,2 миллион доллар кепилдик төлөм бербегенин жазып чыккан.
2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38