Тажикстанда имамдар интернет колдонгонду үйрөнүүдө
Тажикстанда 125 имам интернетке кирип, социалдык түйүндөрдү колдонгонду үйрөнүп жатышат. Алар үчүн атайын окутууларды өлкө бийлиги Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) менен биргеликте уюштурган.
Окутуулардын жүрүшүндө имамдарга Фейсбук жана Одноклассники түйүндөрүндө баракчаларды ачып, интернет аркылуу диний экстремисттик идеяларды жайылткандарга каршы туруу кеңеши берилди.
Уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Лола Олимова окутуулар өлкөнүн беш аймагында өткөрүлүп, аларга көбүнчө жаш имамдар тартылганын айтты. «Атайын курстарга катышкандардын айрымдарынын гана социалдык түйүндөр тууралуу таптакыр түшүнүктөрү жок экен. Бирок алар сабактардан кийин окутуучуларга барып, компьютерде жана планшетте иштөөгө үйрөтүүнү өтүнүп жатышты», - деди Лола Олимова.
Маалыматка караганда, окутууларга жума намаздарында миңдеген адамдар чогулган мечиттердин имамдары катышкан.
Тажикстан бийлиги жаштардын арасындагы радикалдашууга чындап тынчсыздануусун билдирип келет. Бийлик өкүлдөрү буга чейин бир канча жолу Фейсбук жана Одноклассники социалдык түйүндөрүн экстремисттик идеаларды жайылтууга айыптап, өлкөдө интернет көзөмөлүн күчөтүүнү сунушташкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18