Түркмөнстанда ИМдин жоочулары делген төрт киши кармалды
Түркмөнстандын түштүк-чыгыш тарабындагы Какинск районунун аймагында төрт шектүү адам кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги өз булагы билдирген. Анын айтымында, кармалган түркмөн жарандары Сирия менен Иракта «ИМ» тобунун катарында согушуп келишкен.
Маалыматка караганда, алар өлкөгө Түркмөнстандын Ооганстан жана Иран менен чектешкен аймагы аркылуу өткөн аптада келишкен.
«Июнда Иран, Ооганстан жана биздин аймак кошулган жерде чек араны бузуп Түркмөнстанга төрт адам өтүп, ошол аймакка жайгашып алышкан. Баары тең ИМдин мүчөлөрү. Байыркы мазарда жашынып жаткан жеринен кармалышты. Алар дагы башка адамдардын чек арадан өтүүсүн күтүп, андан кийин Тежен жана Мары райондоруна кетебиз деп күтүп жатышкан», — деп билдирди булак.
Ал ошондой эле чалгын кызматы Түркмөнстан аймагына акыркы айларда ондогон ыктымал согушкерлердин киргени тууралуу маалыматтарга ээ экенин айтты.
«Андай чек арадан өтүп келгендердин саны өлкө боюнча 50гө жакын деген маалыматтар бар. Алардын 30га жакыны кармалса, калганы жашырынып жүрүшөт. Азыр чек аранын үч-төрт жеринен өтүүгө болот. Калган аймактары көзөмөлдөнүп турат», - деп билдирди ал.
Андан башка дагы эки булак өлкөнүн аталган аймагына кошумча күчтөр менен аскер техникалары тартылганын ырасташты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05