KELECHEK
rek

"Ата Мекен" Текебаевди тил сынагына катыштырууну талап кылууда

"Ата Мекен" партиясы камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевге президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө уруксат берүүнү талап кылууда. Эгер бул талап аткарылбаса, партиянын бир нече мүчөсү ачкачылык жарыялай турганын бүгүн маалымат жыйында билдиришти.

Басма сөз жыйынга партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева, юрист Канатбек Азиз, парламенттеги фракциянын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Наталья Никитенко катышты.

Асия Сасыкбаеванын айтымында, БШК өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арызын тапшырган Өмүрбек Текебаевдин тест тапшыруу мөөнөтүн белгилегени менен аны катыштыруу маселесин чечүүдөн оолак болууда.Текебаевге 40 миң кол топтолгонун, бирок үчүнчү этап - тил сынагын тапшырууга уруксат берилбей жатканын кошумчалады:

- Бүгүн сот адвокаттар менен айыпталуучулар жок эле өтүп жатат. Текебаев, Чотонов жана анын тарапкерлеринин ачкачылык жарыялашынан башка арга көрбөй турабыз, - деген Асия Сасыкбаева президент Алмазбек Атамбаевди сотко келип көрсөтмө берүүгө, бийлик башында турган жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн адам катары талапкерлердин конституциялык укуктарын камсыздоого чакырды.

26-июлда Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан. Буга байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын юристтери анын сынак тапшыруусун камсыздоо талабы менен БШКга кайрылышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштаган.

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил сынагын 26-июлдан тарта тапшыра баштады. Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу экинчи болуп арыз берген Текебаев жадыбал боюнча кечээ тест тапшыруусу керек эле. Мамлекеттик тилди билгенин аныктаган сынактан өтүү президенттик кызматка талапкерлерге коюлган башкы талаптардын бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24