
Чаткалда дин иштери боюнча облустук көчмө жыйын болду (ФОТО)

Кечээ, Чаткал райондук мамадминистрациянын жыйындар залында КР Коргоо Кеңешинин 2014-жылдарга карата кабыл алынган Концепциясынын багыттарын турмушка ашырууга жана 2017-жыл -Ыйман, адеп жана маданият жылына карата облустук маанидеги көчмө жыйын болду.
Көчмө жыйынга Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров, он эки район-шаарлардан келген имам хатибдер жана райондук мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышты.
Көчмө жыйында алгач адеп-ахлак жана маданият тууралуу слайд-шоу тартууланды.
Андан соң, күн тартибине ылайык, Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажы райондук хатибиятта өткөн алты айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
Мындан сырткары, жыйында ынтымакты даңазалоо, диаспоралар аралык ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.
Көчмө жыйын соңунда, облус казысы Абдулазиз Закиров кары көчмө жыйынды уюштурууда жакындан жардам көрсөткөн райондук жетекчиликке ыраазылык билдирип, район акими Канжарбек Эшалиевге «Ыраазылык» тапшырды. Буга кошо эле, Терек-Сай айыл аймагынын имам хатиби Умаров Нармырза жана Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы облустук казияттын ал эми, Каныш-Кыя айылынын имамы Акулов Улан жана Сумсар айылынын имамы Полотов Мавлян райондук хатибияттын «Ардак Грамоталары» менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, көчмө жыйын буга чейин Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Ала-Бука жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн.
Көчмө жыйын жакынкы күндөрдө Тогуз-Торо районунда да өткөрүлмөкчү.
Мухамедалы Эшназаров, Чаткал району.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41