KELECHEK
rek

Москва АКШнын 35 дипломатын өлкөдөн чыгаруусу мүмкүн

Москва АКШнын 35 дипломатын өлкөдөн чыгаруусу мүмкүн

Дональд Трамп Орусияга карата санкциялар жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койсо, Москва 35 америкалык дипломатты чыгарып, АКШнын өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрүн кыскартышы мүмкүн. Бул тууралуу бейшембиде "Коммерсантъ" гезити Орусия ТИМиндеги булакка шилтеме берүү менен билдирди.

Басылманын маектеши орус бийлиги Серебряный Бордогу америка элчилигине караштуу дача комплексин камакка алышы ыктымал.

Себеби жаңы америкалык санкциялар Барак Обаманын тушунда жабылган АКШдагы Орусиянын дипломатиялык кыймылсыз мүлктөрүн кайра ачууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Өткөн аптада Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва менен Вашингтон АКШдагы Москванын эки дипломатиялык объектисин кайра ачуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген.

Былтыр декабрдын соңунда америка бийлиги орусиялык 35 дипломатты нон грат персонасы катары жарыялап, Нью-Йорк жана Мэриленд штаттарындагы эки орус дачасын жапкан. 
Вашингтон бул кадамга Орусиянын шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсү жана америкалык дипломаттарга жасалган кысым үчүн барганын билдирген. Орусия санкцияларды киргизген Барак Обаманын администрациясына жооп кайтарбай, мындан ары Дональд Трамптын администрациясы менен мамиле курарын ишара кылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...