KELECHEK
rek

Тогуз-Торо районунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн мыйзамдардын сакталышы боюнча семинар өткөрүлдү (ФОТО)

Тогуз-Торо районунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн мыйзамдардын сакталышы боюнча семинар өткөрүлдү (ФОТО)

Тогуз-Торо районунун мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча семинар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Каныбек Туркбаевдин берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Тогуз-Торо районунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308-Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706-токтому жана 2017-жылдын 1-мартындагы № 131-токтому менен бекитилген жоболор боюнча семинар болуп өттү.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.

- Мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндөгү” №674-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун” негизинде жүргүзүлүп, мониторингдин жүргүшүндө мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын туура пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык административдик бош орундарына сынак өткөрүү, мамлекеттик жарандык кызматчылар тарабынан декларация толтуруу жана тапшыруу, жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча кенен усулдук жана консультативдик жардам көрсөтүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгы менен маалым каттар түзүлүп,  мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кадр иштери боюнча адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жооптуу катчылары, финансылык экономикалык бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда талкулоо өткөрүлүп, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү сунуштар берилди.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна жол каттамы жайкы мезгилде гана ачык болгондугуна байланыштуу семинар өткөрүү июль айына туура келди, - дейт К.Туркбаев.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41