«РусГидро» президент Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды
Орусиянын "РусГидро" компаниясы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жана аталган ишкана тууралуу айткандары боюнча билдирүү таратты.
Анда "кыргыз өнөктөштөрдүн, анын ичинде кыргыз президентинин билдирүүлөрүнө жана системалык түрдөгү маалыматтык спекуляцияларга жол берилбестиги" белгиленип, "РусГидро" Кыргызстандагы ГЭСтерге салган каражатын кайтара албаса, эл аралык арбитраждык териштирүүгө бараары айтылган.
"РусГидро эч качан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун токтотуу билдирүүлөрүн айтып чыккан эмес. Мындан улам кыргыз өнөктөштөрдүн "РусГидронун" милдеттемелерин туура аткарбаганы тууралуу билдирүүлөрү таптакыр негизсиз",-деп айтылат 25-июлда компаниянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Президент Атамбаев 24-июлдагы маалымат жыйынында "РусГидро" менен келишимди бузуу туура болгонун айткан.
"Мен өзүм ынандым жана Орусиянын президенти дагы, орус компаниялары Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курушпайт болчу, керек болсо Камбар-Ата - 1 ГЭСин да баштабайт болчу. Бул "биздики, тийбегиле" деген сыяктуу аракет болгон",- деп билдирген Атамбаев.
2012-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү кол койгон макулдашууга ылайык, "Русгидро" Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курмай болгон. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.
Андан соң чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38