Жалал-Абад шаарына тартылган инвестициялардын көлөмү жалпысынан 1 миллиард 156,7 миллион сомду түздү
Шаардык кеңешке шайланып келген депутаттар башын бириктирип, шаар бюджетин бекитип бере электигине карабастан Жалал-Абад шаарына инвестиция тартып келүү иши демейкисиндей жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдын 6-айында шаардын ар түрдү тармактарына тартылган инвестициялардын көлөмү жалпысынан 1 миллиард 156,7 миллион сомду түзүп, өткөн 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 103,7 пайыз болгон.
-Тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестиция каражаты 1 миллиард 111,6 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 101,9 пайызды түздү. Ал эми, тартылган тышкы инвестициялардын көлөмү 45,1 миллион сом болуп, өсүү темпи 187,1 пайызга жетти. Биз негизинен ички инвестициялардын көлөмүнүн артышына көп көңүл буруп жатабыз, - дейт ал.
Эске сала кетсек, шаар мэриясы тарабынан жалпы көлөмү 17 миллион доллардан ашуун онго жакын инвестициялык долбоорлор түзүлүп, эл аралык донорлор менен тыгыз иштер жүрүп жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38