ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАРЫМ ЖЫЛДА ӨНДҮРҮШ ИЛГЕРИЛЕДИ (ФОТО)
Жалал-Абад шаарындагы өнөр жай ишканалары быйылкы жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпысынан 204,6 миллион сомдук продукцияны көп өндүрүшүп, ал шаар боюнча өндүрүлгөн жалпы дүң продукциянын 13 көлөмүн түздү. Жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 миллиард 565,9 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.
Атап айтканда, 237,5 миллион сомдук күйүүчү-майлоочу материалдар өндүрүлдү жана өсүү темпи 118,4 пайызды, 273,9 миң сомдук химиялык продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 108,2 пайызды түзгөн. Ошондой эле электр энергиясы 141,7 миллион өндүрүлдү жана өсүү темпи 119,7 пайызга артты, 828,5 миллион сомдук электр энергиясы бөлүштүрүп берилди (125,5%), 98,2 миллион сомдук табигий газ (137,5%), 24,5 миллион сомдук таза суу иштелип чыгып (109,9%), 11,5 миллион сомдук саркындуу суулар тазаланды (109,5%).
Шаар боюнча өнөр жай ишканалар тарабынан өткөн жылдын 6-айына салыштырмалуу мөмө-жемиш шербети 108 пайызга, жашылча 159,7 пайызга, нан продукциясы 101,1 пайызга, торт жана кондитердик продукция 152,4 пайызга, алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү 108 пайызга, макарон жана кесме өндүрүүнүн көлөмү 172,7 пайызга өскөн.
Жыйында шаардагы өнөр жай ишканалары тарабынан продукция өндүрүүнү арттыруу жана өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү жагынан бир топ маселелерди чечүү боюнча сунуштар айтылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38