KELECHEK
rek

Дүйшөмбүдө «I love Dushanbe» инсталляциясы пайда болду

Дүйшөмбүдө «I love Dushanbe» инсталляциясы пайда болду

Тажикстан борборунда жаңы туристтик жай — «I love Dushanbe» деп аталган инсталляция тургузулуп, ачылышы 24-июль кечинде болду.

Ал шаардагы соода борборлордун биринин алдына орнотулду. Скульптуралык кызыл жүрөктөн жана көлөмдүү ак түстөгү тамгалардан турган инсталлияциянын бийиктиги 2 метрди, узундугу 16 метрди түзөт.

Бул жай туристтер менен жергиликтүү тургундардын арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болот деп күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, инсталляция президент тарабынан жарыяланган Жаштар жылынын урматына тургузулуп, жаштарга арналган. Долбоорду «Катари Диар-Тажикстан» компаниясы өз эсебинен каржылаган.

«Биздин долбоор борбордун бир бөлүгү болуп эсептелет жана биз сүйүктүү шаарыбызды мындан да көрктүү, заманбап кылууга аракет кылабыз. Мындай инсталляциялар дүйнөнүн көптөгөн шаарларында бар, бизде жок болчу. Ошондуктан биз шаарыбызга сүйүүбүздү билдиргибиз келди. Бул инсталляция Дүйшөмбүдөгү сүрөткө түшүү жана селфи кылуу үчүн эң популярдуу жайга айланып, шаардын визиттик картасы болуп калат деп ишенебиз», - деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13