KELECHEK
rek

Атамбаев: "Себатты" жаптырбайбыз

Атамбаев:

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн басма сөз жыйынында кыргыз-түрк мамилеси, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө Түркиянын таарынычы Кыргызстандын “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирди. Аталган мекеме мыкты билим берип жатканын, андыктан ал жабылбай турганын, мамлекет анын 35 пайызын өзүнө алып, “Сапат” деп өзгөрткөнүн белгиледи:

- Түркиянын элчиси Кыргызстанда 3500 адам Гүленге иштеп жүрөт деп “Сапаттын” мугалимдерин айтты окшойт. Андай туура эмес, - деген Атамбаевге Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловдун АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхулла Гүленге жолукканы боюнча соболдор да берилип, президент Чубак Жалилов "расмий кызматты ээлебеген адам каалаганы менен кезигет" деген жооп кайтарды.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүлен менен АКШда кезигип, анын дарстарына катышканын маалымдаган. Интернеттеги алардын чогуу түшкөн сүрөтү катуу талкууга түшкөн. Түркия тарап экс-муфтийдин Гүлен менен жолукканына тынчсыздануу билдирген. ​

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30