KELECHEK
rek

Трамп Сирияда козголоңчуларды колдогон жашыруун программаны токтотту

Трамп Сирияда козголоңчуларды колдогон жашыруун программаны токтотту

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы көтөрүлүшчүлөргө колдоо көрсөткөн жашыруун программаны "коркунучтуу жана чыгымы көп" болгондуктан токтотконун билдирди.

Президентке чейин АКШнын атайын операцияларын жетектеген генерал Тони Томас да төрт жылга созулган операция аяктаганын ырастап, бул чечим президент Башар Асадды колдогон Орусияга жагынуу үчүн кабыл алынды деген маалыматтарды четке каккан.

Дональд Трамп 24-июлда Твиттердеги барагына: "Вашингтон пост" Асадга каршы күрөшкөн сириялык көтөрүлүшчүлөргө төлөнгөн ири, коркунучтуу жана чыгымы көп төлөмдөрдү токтотконум тууралуу фактыларды бурмалады", - деп жазды. Басылманын макаласында Трамптын Сирия боюнча стратегиясында Москва менен кызматташтык маанилүү экенин белгилеген.

Бул айда АКШ менен Орусия Сириянын түштүгүндө деэскалация аймактарын түзүүнү макулдашты.

Мурдагы президент Барак Обама жактырган бул жашыруун программа 2013-жылы башталып, Сирия президенти Башар Асадга каршы күрөшкөн көтөрүлүшчүл топторду колдоону максат кылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12